«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Төө-Ашууда кар көчкү 7 унааны басып калып, 4 киши куткарылды
22.01.2025 | 21:09
Бишкек – Ош жолунун 132-чакырымында, Төө-Ашууда унааларды кар көчкү басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 18:04тө Төө-Ашуунун эки жеринде көлөмү 3500 куб метр болгон кар көчкү жүрүп, 6 жеңил унаанын жана 1 “Спринтердин” үстүнө түшкөн. Кар жеңил унаалардын бирин толук басып калган.
Жерине куткаруучулар, милици кызматкерлери, атайын техника тартылган. Куткаруучулар кар алдында калган унаадан 4 адамды алып чыккан. Алардын ичинен бир аял эс-учун жоготкон абалда болгон. Аны тез жардам алып кеткен.
Министрлик “Арал” жана “Сосновка” постторунда унаалар үчүн чектөө киргизилгенин белгиледи.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом