2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Төө-Ашууда кар жана туман. Оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
01.10.2025 | 17:46
Бишкек – Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди. Чектөө Төө-Ашуу ашуусундагы кар жана туманга байланыштуу киргизилүүдө.
Кайгуул кызматкерлери айдоочулардан жол эрежелерин так сактоону жана жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөр менен алмаштырууну суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом