ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Төө-Ашууда түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды
22.01.2025 | 17:39
Бишкек – Ош жолунун 127-чакырымында Төө-Ашууда түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Саат 16:15терде түшкөн кар көчкү 17:00дорго жакын тазаланган. Ошол эле учурда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алына элек.
Эскерте кетсек, буга чейин Төө-Ашууда көлөмү болжол менен 1200 куб метрди түзгөн кар көчкү түшкөнү, ага байланыштуу “Сосновка” посту жабылып, унаалар өткөрүлбөй жатканы кабарланган.
https://reporter.kg/too-ashuuda-kar-kochky-zhyryp-zhol-ubaktyluu-zhabyldy-video/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом