Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 10-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 13…18°;
Таласта түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14°, күндүз 16…21°;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9°, күндүз 12…17°;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16 градуска чейин ысыйт
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 16…18° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет.