АКШнын президенти Дональд Трамп өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Трамп куттуктоо сөзүндө Нооруз бардыгы үчүн тынчтыктын, гүлдөп-өнүгүүнүн жана жаңылануунун символу экендигин белгилеп, кыргыз-тажик чек ара меселесинин чечилиши менен куттуктаган. Ал бул чечимди эки өлкөгө тең пайда алып келе турган жеңиш деп атаган.
«Америка эли бул тарыхый келишимди жана ал алып келе турган тынчтыкты кубаттайт. Биздин өлкөлөр заманыбыздын маанилүү чакырыктарын чечүүдө биргелешкен аракеттерди улантып жаткандыктан, Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн, көз карандысыздыгынын жана аймактык бүтүндүгүнүн туруктуу колдоочусу бойдон кала берерин билиңиз», — деген ал куттуктоо катында.
Ошондой эле Нооруз майрамына карата куттуктоолорду коңшу мамлекеттердин башчылары Си Цзиньпин, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жолдогон.
Аталган башчылар Кыргызстандын элине бакыт, тынчтык, гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди каалашкан.