Трамп Венгрияда Путин менен жолугушаарын жарыялады

АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен Венгрияда жолугушуу өткөрө турганын билдирди. Анын айтымында, алар Украиндагы конфликт аяктагандан кийин АКШ менен Россиянын соода мамилелери тууралуу узак телефон сүйлөшүүлөрүн өткөрүшкөн. Трамп сүйлөшүүлөрдө олуттуу прогресс жетишилгенине ишенимдүү экенин билдирди. Ошондой эле ал Путин менен болгон сүйлөшүүнүн мазмунун Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушууда талкуулоону пландап жатканын айтты жана Жакынкы Чыгышта жетишилген ийгилик Украиндагы кырдаалды чечүүгө жардам берерин үмүттөнөөрүн билдирди.
Россия жана АКШнын расмий өкүлдөрү кийинки аптада жолугушушат, АКШны мамлекеттик катчы Марко Рубио өкүлдөйт; өтө турган жер кийинчерээк белгиленет. Россиянын түз инвестициялар фондуунун башчысы Кирилл Дмитриев Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүн позитивдүү жана натыйжалуу деп баалады, келечек үчүн так пландар бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Россия менен АКШнын кийинки саммити жакын арада өтөт.