Транспорт департаменти: Чүй проспектисиндеги жолдун салынышы көзөмөлдө

20.11.2025 | 16:51

Бишкектин Чүй проспектисиндеги салынып жаткан жолдун сапаты башынан бери көзөлдөнүүдө. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорту инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди «Кабар» агенттигине берген маекте билдирди.

Анын айтымында, аталган жол тилке борбор калаага караштуу болгондуктан алардын көзөмөлүнө алынган.

“Башынан баштап биздин депаптамент жолдун салынышын, сапатын көзөмөлдөө милдетин өзүнө алган. Долбоорду компаниянын жооптуу кызматкери менен отуруп, өлчөмүн транспорт агымына, коомдук транспорттун жүрүшүнө ылайыктап ченеп чыкканбыз. Азыр коомчулукта жол боюнча нааразычылыктар жаралып жатат. Тескерисинче, биз негизги жолду мурункуга караганда кеңейттик”,- деген ал.

Жанболотов билдиргендей, жол мурункуга караганда бир метрден ашык кеңейтилген. Ошондой эле автобус аялдамалары 55 метрге узартылган.

Мындан тышкары ал долбоорго ылайык, жолдун жээгиндеги унаа токтотуучу жай дагы алынганын билдирди. Бул «Айчүрөк» жана «Чынар» соода борборлорунун айланасындагы тыгынды жоюу максатында жасалууда.

Scroll to Top