Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Транспорт министри Ысык-Көлдө жол оңдоо иштерин текшерүүдө
07.07.2025 | 10:00
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барып, «Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол» автожолунун реконструкциясы боюнча иштерди жеринде текшерди.
Министрликтен кабарлангандай, 0–25-чакырым аралыгындагы асфальт төшөө жана жол белгилерин чийүү, тосмолорду орнотуу иштерин карап чыкты. Бул тилкеде 25 чакырым жол толук асфальтталган. Ал эми 25–71-чакырымда 19 чакырымга биринчи катмар төшөлгөн.
Ошондой эле, министр көпүрө куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана 71–91-чакырымдардагы асфальт-бетон заводу менен таанышып чыкты. Андан соң, 96.37–141.64-чакырымдардагы иштерди көрүп, тиешелүү жетекчилерге жумуштарды графикке ылайык өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасын берди.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: транспорт министрлиги