Транспорт министрлиги: Ашууларда жол ачык
Бүгүн, 23-декабрь саат 08:00го карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Бишкек – Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Түп – Кеген жана Бишкек – Кара-Балта жолунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ошондой эле, Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.