Турецкий хору жана «Сопрано» арт-тобу Бишкекте концерт беришет

Турецкий хору жана «Сопрано» арт-тобу Бишкекте концерт беришет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Бишкекте Турецкий хору жана «Сопрано» арт тобунун катышуусунда «Биримдик ырлары» аттуу чоң концерт өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 2025-жылдын 4-июнунда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында өтө турган иш-чарага чакырат. Кирүү акысыз.

Жандуу музыкалык иш-чара көрүүчүлөргө профессионалдуу аткарууну жана эл аралык артисттердин кубаттуу энергиясын тартуулайт. Турецкий хору жана «Сопрано» арт-тобу турмуш, тынчтык жана достук жөнүндөгү композицияларды — муундарды жана маданиятты бириктирген ырларды аткарышат.

Концерт Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чаралардын алкагында өтүүдө. Анда биздин элибиздин руханий биримдигин сактоонун маанилүүлүгү баса белгиленет.

Чоң масштабдагы концерт Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү жана Москва өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулууда.

Жаркын эмоцияга толгон сонун музыкалык окуянын бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Баарыңыздарды 4-июнь саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында күтөбүз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>