ИИМ туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого даяр экенин билдирди

ИИМ туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого даяр экенин билдирди

2024-жылдын жайкы туристтик сезонду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 8-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Уланбек Далиев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Октябрь Урмамбетов гарнизондук саптык кароону  өткөрүү учурунда анын негизги максатына токтолуп, 2024-жылкы жайкы туристтик сезондо коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.

Ал өз сөзүндө: “Биздин өлкөбүз туризм аркылуу дүйнөгө таанылып, өзүнүн тарыхы, меймандостугу жана кең пейилдиги менен суктандырып келет. Жыл сайын ушул мезгилде жакшы үмүт, аруу тилек менен жайкы туристтик сезонду ачып, коопсуздук шарттарын коомчулукка кеңири жеткирүүнү салтка айлантканбыз. Бүгүн бул саамалыкты улай жарандардын, чет элден келген коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн гарнизондук бөлүштүрүү өткөрүп жатабыз. Коопсуздук маселеси Ички иштер министри Улан Омокановичтин жеке көзөмөлүндө экендигин билдирем.

Ички иштер министрлигинин башкы максаты  эл-журттун бейпилдигин сактап, эс алуучуларга коопсуздук шартын түзүп берүү болуп саналат. Бул иш-чара өлкөбүздөгү негизги туристтик аймак болуп эсептелген Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөнү менен, бардык аймактарга түздөн-түз тиешелүү экендигин баса белгилейм. Былтыр өлкөбүзгө 10 миллиондон ашуун турист келсе, быйыл андан көп келүүсү күтүлүүдө. Бул артыкчылыкты жогорулатуу жергиликтүү бийлик, укук коргоо жана тиешелүү мамлекеттик органдардын милдети экендигин билдирем. Туризм жаатында жагымдуу шарттарды түзүү негизги приоритет катары ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө, жайкы туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого Ички иштер министрлиги толугу менен даяр. Республиканын аймагында 4 миңден ашуун видео-камералар күнү-түнү иштеп жатат. 1 миң 220 боди-камера менен камсыздалган кызматкерлер коомдук жайлардагы тартипти камсыздап, кылмыштарга жана окуяларга бөгөт коюу жумуштарын ийгиликтүү ишке ашырып келүүдө. Бүгүн, Ысык-Көл облусундагы аймактык тескөөчүлөргө дагы кошумча 136 даана боди-камераларды берип жатабыз.

Ошентип, жаңы үлгүдөгү автоунаалар, сууда жүрүүчү скутерлер, планшеттер, дрондор жана заманбап технологиялар аркылуу коопсуздук чаралары толугу менен ишке ашырылат. Эс алуучулар көп келген Бостери айылындагы пляждык аймакка заманбап үлгүдөгү “Аймактык пунктун” ишке киргизип, видео-камераларды орноттук. Ошондой эле, бардык шарты түзүлгөн пунктту Балыкчы шаарына да орнотуп, ишке бердик. 24 саат бою кабыл алуучу “102 борбору” жана жарандарга ыкчам көмөк көрсөтүү үчүн координациялоочу “Ыкчам штаб” түзүлдү. Республика боюнча коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун 5 миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте камсыз кылат.

Жогорудагылардын негизинде, ички иштер органдарына нускамалык тапшырмалар берилет:

— жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары, туризм багытында иш алып барган тармактар менен биргеликте ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша “иш-мерчемдер” түзүлүп, күтүүсүз кырдаалга, унаа кырсыктарына, кылмыштарга жана укук бузууларга бөгөт коюлсун;

— туристтик-экологиялык милиция бөлүктөрү, көчмө кабылдамалар, жол коопсуздугу посттору күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүп, жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, унаа тыгындарын, ар түрдүү одоно тартип, укук бузууларга жол берилбесин;

— пансионат, эс алуу борборлору, лагерь, ден соолукту чыңдоо жайларында жана эл көп чогулган жерлерде коомдук тартип сакталсын;

— чет элден келген коноктордун коопсуздугу белгиленген тартипте сакталып, адамдардын, жаш балдардын дайынсыз жоголуп же сууга чөгүп кетүүсүнө бөгөт коюу жумуштары жүргүзүлсүн;

— элдин арыз-даттануулары боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынсын.

Мындан сырткары, быйылкы жылы жергебизде бир катар мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык жолугушуулар жана иш-чаралар өткөрүлөт. Белгиленген иш-чараларда, жүктөлгөн милдеттерди так аткарууну талап кылам. Элге кызмат кылууга багытталган гарнизондук иш-чарага катышып жаткан жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү, жалпыңыздарга Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан терең ыраазычылык билдирем.

Элдин ишенимин жана үмүт-тилегин актап, татыктуу кызмат өтөйсүздөр деп ишенем. Быйылкы туристтик мезгилди ийгиликтүү жана жогорку деңгээлде өткөрөлү деген тилегимди айтмакчымын”,- деди Урмамбетов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>