Түркиялык инвестордун акчасын ээлеп алган. Таласта милиция кызматкери кармалды

Талас облусунда Түркиянын жаранынан ири суммадагы акчаны мыйзамсыз ээлеп алууга шектелип ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Э.М.А. аттуу аталган кызматкер 2025-жылдын апрель айында түрк жараны Х.К.нын ишенимине кирип, 35 миң 500 доллар алган. Кызматкер чет өлкөлүк инвестор менен «Паслен» тукумундагы өсүмдүктөрдү өстүрүп, Түркияга экспорттоо боюнча макулдашуу түзүп, андан соң каражатты өзүнө ыйгарып алган.
2025-жылдын октябрь айында инвестор бул маселе боюнча ИИМге кайрылган. Бирок мекеменин тергөө органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Мындан улам жабырлануучу УКМКга арыз менен кайрылган.
Жыйынтыгында 24-февралда милиция кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.