Түркиялык ишкана Балыкчы шаарына жарык берүү системаларын акысыз орнотуп берет

Түркиялык ишкана Балыкчы шаарына заманбап туристтик көрсөтмөлөрдү, жарык берүү системаларын жана жол белгилерин акысыз орнотуп берет. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардын мэри Баатырбек Жантаев MOSAŞ Group жана анын өнөктөшү Kepil Technologies түрк ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Ага Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлдөрү да катышкан.
Жолугушууда түркиялык MOSAŞ Group ишканасы заманбап туристтик көрсөтмөлөрдү, жарык берүү системаларын жана жол белгилерин Балыкчы шаарынын кире беришине жана чыга беришине акысыз орнотуп берерин билдирген.
“Ишкана сунуштап жаткан жабдуулардын арасында күн батареялары менен иштеген жарык таблолору, прожекторлор, электрондук аба ырайы көрсөткүчтөрү жана коопсуздук камералары бар. Бул системалар жол коопсуздугун жана шаардын туристтик имиджин жогорулатууга жардам берет”,- деп билдирди мэрия.