Курулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейтБишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөтКыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болдуСадыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кароону тапшырдыКРда 200 миң сомго чейин келишимсиз жана ЖИ аркылуу сатып алууга уруксат берилиши мүмкүнЛондондо Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин тааныштырууда
Администрация: Садыр Жапаровдун сүрөтү менен “арзан насыя” сунуштаган жарнама — алдамчылык
26.09.2025 | 15:20

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда тарап жаткан “мамлекет аз пайыз менен карыз берет” деген жарнаманы төгүндү.
Анын айтымында, көз боемочулар элди ишендирүү үчүн президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонушкан жана бул аракетти мамлекеттик долбоор катары сыпаттап жатышат.
“Айрыкча акчага байланышкан маалыматты расмий органдардан тактап алууга чакырабыз. Алдамчылардын торуна илинип калбаңыздар!” — деди Алагөзов.