Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келет

16.09.2025 | 12:01

17-сентябрда Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында ал президент Садыр Жапаров жана өкмөт жетекчиси Адылбек Касымалиев менен жолугат.

Мындан тышкары Жевдет Йылмаз соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 12-жыйынына катышат. Анда эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашат. Отурумунун жыйынтыгында эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Ошондой эле, сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев менен Жевдет Йылмаз бизнес-форумга, ошондой эле Кыргыз-түрк “Манас” университетинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.

Scroll to Top