Садыр Жапаров Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин учуруу үчүн Лос-Анжелеске бардыМамлекетке кайтарылган мүлктү баалоодо 200 млрд сомго жакын айырма чыктыКыргызстанда жыл сайын 1 миллионго жакын көчөт отургузулатБишкекте мамлекетке 182 миллион сомдук бала бакча кайтарылдыУлууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысыБишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалды
Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер кеңейет
16.09.2025 | 12:18

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто жүргөн жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында борбордун бир катар негизги көчөлөрүндө өзүнчө тилкелерди уюштурууну улантууну пландап жатат.
Мэрия карап жаткан жаңы тилкелер төмөнкү көчөлөрдө жайгашмакчы:
- Ю. Абдрахманов көчөсү (Байтик Баатыр көчөсүнүн уландысы) — А. Токомбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин;
- Жибек Жолу проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- И. Ахунбаев көчөсү — 7-Апрель көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин;
- Чүй проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- 7-Апрель көчөсү — Жибек Жолу проспектинен А. Токомбаев көчөсүнө чейин;
- Дэн Сяопин проспекти — Фучик көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин.
Маалыматка ылайык, өзүнчө тилкелер автобустардын ылдамдыгын жогорулатууга, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана жолдо жүрүү убактысын кыскартууга шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом