БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Турусбеков көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды
26.09.2025 | 20:52

Бишкек шаарынын мэриясы маалымдагандай, жылуулук трассасын алмаштыруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Турусбеков көчөсүнүн Киев көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы бөлүгү убактылуу жабылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда мурдагы «Тунгуч» театрынын (мурун «Metro Pub» клубу) имаратында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Ички жасалгалоо иштери аяктоо этабында турат.
Учурда көчөнүн батыш тарабы кыймыл үчүн жабык, чыгыш тарабы ачык бойдон калууда. Жылуулук трассасын алмаштыруу иштери 29-сентябрга чейин аяктайт жана кыймыл толугу менен калыбына келтирилет.