Түштүк Кореяда Дональд Трамп менен Си Цзиньпин жолукту

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-октябрда, Түштүк Кореянын Пусан шаарында бетме-бет жолугушту. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги билдирди.
“Бул жолугушуу дүйнөдөгү эң ири эки экономикага ээ өлкөлөрдүн лидерлери үчүн соода маселелери боюнча айлар бою болгон чыңалуудан кийин мамилелерди турукташтырууга мүмкүнчүлүк түздү”,- деп айтылат маалыматта.
Жолугушууга чейин Трамп оптимисттик маанайда болуп, алардын жолугушуу абдан ийгиликтүү болорун жана жыйынтыгында келишимге кол коюшу мүмкүн экенин билдирген.
Жолугушуу 100 мүнөттөн бир аз узакка созулган. Эки лидер кол алышкандан кийин сүйлөшүү үчүн отурушкан. Си Цзиньпин даярдалган билдирүүлөрүн окуп, карама-каршылыктарга карабастан бирге иштөөгө даяр экенин баса белгилеген.
“Улуттун шарттардагы айырмачылыктарды эске алганда, биз ар дайым бир пикирге келе бербешибиз мүмкүн. Эки алдыңкы эки экономикалык күч үчүн кээде карама-каршылыктар пайда болушу кадимки көрүнүш”,- деген ал.
“Эки тарап тең жолугушуунун жыйынтыгы боюнча дароо маалымат берген жок”,- деп билдирди агенттик.
Эске салсак, буга чейин Дональд Трамп Truth Social соцтармагында АКШ Кытайга карата учурдагы тарифтерден тышкары 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирген.