Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Трамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирди
14.10.2025 | 17:12

АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social соцтармагында АКШ Кытайга карата учурдагы тарифтерден тышкары 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирди. Бул тууралуу РБК жазды.
“2025-жылдын 1-ноябрынан тартып Америка Кошмо Штаттары Кытайга учурда төлөнүп жаткан бардык тарифтерден тышкары 100 %дык тариф киргизет”, — деп билдирген Трамп.
Мындан тышкары, ал АКШ бардык стратегиялык маанидеги программалык камсыздоолорго экспорттук көзөмөл киргизерин айткан.
Трамп бул чара Кытай 1-ноябрдан баштап «өзү өндүргөн дээрлик бардык товарларга» кеңири көлөмдө экспорттук чектөөлөрдү киргизүүнү пландап жатканына жооп иретинде кабыл алынганын кошумчалаган.