Түптүн айрым айылдарын сел каптады (видео)

Түптүн айрым айылдарын сел каптады (видео)

Түп районунда сел жүрдү, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Алдын ала маалымат боюнча 22-июнь күнү саат 15:40 чамасында нөөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылындагы кокту колоттордон түшкөн сел суулары арыктан ашып, 11 үйдүн короосун суу каптаган.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан жана Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылган.

Суу өтүүчү арыктарды кеңейтүүгө 2 экскаватор, 1 жүктөгүчтүн тартылып, 200метр аралыгы тазаланды, Ал эми сел сууларынын кесепеттерин жоюга 100дөн ашык адам тартылып, сел суулары кирген 3 үйдүн жер төлөөсү толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Түптүн Тасма, Көөчү жана башка айылдарда дагы сел жүргөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>