ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Түрк мамлекеттеринин “НАТОсун” түзүү сунушталды
19.06.2024 | 09:56
Түрк мамлекеттеринин коопсуздук уюмун түзүү сунушталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев Шуше шаарында өткөн конференцияда билдирди.
Анын айтымында, түрк өлкөлөрү аймактык коопсуздук жаатында тыгыз байланышы керек.
“Учурдагы шартта түрк дүйнөсүнүн өзүнүн коопсуздук тутумун түзүү зарыл болуп турат. Анда ар бир өлкөнүн коопсуздугу жалпы аймактын кызыкчылыгында болушу шарт. НАТО же ЖККУ сыяктуу уюмдарды түзүү керек”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстан коопсуздук жаатында ЖККУ жана ШКУга мүчө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом