Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Түркиялык дарыгерлер Бишкекте эки бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасайт
28.01.2025 | 15:03
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалардын башкы директорунун орун басары Бахар Айдынлы баштаган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланган.
Бахар Айдынлы баштаган түркиялык адистердин тобу кыргыз-түрк ооруканасынын иши менен таанышып жатканы айтылган.
Делегациянын курамында эки бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасай турган трансплантолог дарыгерлер бар. Операция даярдык иштери аяктагандан кийин жасалат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом