7-9-апрель күндөрү Реджеп Тайип Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган үч бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бардык хирургиялык операциялар ийгиликтүү аяктап, бейтаптардын жана донорлордун абалы туруктуу деп бааланууда.
Операцияларды Түркиядан келген жогорку квалификациялуу трансплантологдордун тобу жүргүздү. Бул иш-чара Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда 2024-жылдын 5-ноябрында түзүлгөн органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу боюнча протоколдун алкагында ишке ашты.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бейтаптардын абалы менен жеке өзү таанышып, медициналык топ менен жолугушту. Ал түрк кесиптештерине трансплантологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу медициналык кызматташуунун жогорку деңгээлин баса белгиледи.
Министр ошондой эле 2023-жылы бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалган бейтаптар, алардын донорлору жана жакындары менен жолугушту. Жолугушууда катышуучулар операциядан кийинки абалынын жакшырып, жашоо сапатынын жогорулаганын айтып, жогорку технологиялуу медицинаны жеткиликтүү кылган демилгеси үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти.
Мындан тышкары, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ткандарды типтештирүүчү лаборатория (HLA-типтештирүү) үчүн заманбап жабдууларды сатып алууга каражат бөлүнгөн. Түрк адистери жабдууларды орнотууда жана лабораторияны ишке киргизүүдө көмөк көрсөтүшүп, донор тандоодо эл аралык стандарттарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Эске салсак, Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын май айында кыргыз-түрк достугу ооруканасынын базасында трансплантологияны өнүктүрүү иштери башталган. Ал эми ошол эле жылдын август айында көп жылдар бою диализ алып келген жарандарга алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциялары жүргүзүлгөн. Операциядан соң бейтаптар Улуттук госпиталдын көзөмөлүнө өткөрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз