Түркмөн өкмөтү отставкага кетти

Түркмөн өкмөтү отставкага кетти

Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттү отставкага кетирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, конституциясына ылайык министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кызматын уланта беришет.

Кечээ, 19-мартта Түркмөнстанда Сердар Бердымухамедов ант берип, президенттик кызматка киришкен. Сердар Бердымухамедов 12-мартта өткөн президенттик шайлоодо 72,97 пайыз добуш алып жеңишке жеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>