Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-25-августта Германияга сапар менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Cапардын алкагында Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен жолугушат.
«Сапардын максаты — Кыргызстан менен Германиянын саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулоо», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Германиянын президентинин аппаратынын жана канцлердин аппаратынын жетекчилиги жана Германиянын айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо, ядролук коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо федералдык министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз