Эсеп палатасы электрондук аудитке өтөтЧек араны демаркациялоонун алкагында эки айыл Кыргызстандын курамына кирдиБишкекте Көчмөндөр оюндарына карата көчөнү оңдоо үчүн 4 миң чарчы метр жер бошотулатБШК он райондогу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту«Asman Airlines» Оштон Ысык-Көлгө үзгүлтүксүз каттамдарын кайра жандандыратКыргызстанга эмне үчүн деңиз флоту керек жана Деңиз кодекси эмнени сунуштайт?
Кытайдын Кашкар шаарында “Кыргыз почтасынын” өкүлчүлүгү ачылды (видео)
23.08.2023 | 11:22
Кытайдын Кашкар шаарында “Кыргыз почтасы” ишканасынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.
Анын айтымында, жаңы ачылган өкүлчүлүк эки өлкөнүн почталык инфратүзүмүнүн өнүгүшүнө жана соода-экономикалык байланыштын бекемделишине түрткү берет.
“Кыргыз почтасы” ААКсынын өкүлчүлүгү өз ишин Кашкар шаарындагы Атайын экономикалык аймакта жапйгашкан Кытай почтасынын Эл аралык почталык алмашуунун ордунда жүргүзө баштайт. Бул стратегиялык маанидеги локация эки өлкөнүн почталык операцияларын натыйжалуу жүргүзүүгө жана кардарларды тейлөөгө жагымдуу шарт түзүп берет”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом