(U-20). Жантөрө Мирзалиев жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды

Кыргызстандык балбан Жантөрө Мирзалиев грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында (U-20) дүйнө чемпиону болду.
Жантөрө Мирзалиев турнирдеги биринчи беттешинде беларусиялык балбан Игорь Зварыкинди 9:0 эсебинде жеңген. Андан кийин, 1/8 финалда швейцариялык Робин Бруннерди 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда ирандык балбан Хоссейн Абдовалини 5:3 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн. Жарым финалда өзбекстандык спортчу Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште 2024-жылдын жаштар арасындагы дүйнө жана Европа чемпиону болгон россиялык балбан Эрза Закриев менен күч сынашып, курч таймашта 3:2 эсебинде жеңишке жетишип, алтын медалга жана жаштар арасындагы дүйнө чемпиону наамына ээ болду.
Белгилей кетсек, ал кыргызстандык алтынчы спортчу болуп, жаштар арасында дүйнө чемпиондугун багынтты.
Буга чейин мындай ийгиликке Уран Калилов (1998), Жанарбек Кенжеев (2005), Калы Сулайманов (2016), Эрбол Бакиров (2018) жана Асан Жанышов (2024) жетишкен.