24-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келет
Жарым жылда Өзбекстандан Кыргызстанга 2 млндой турист келди
25.08.2025 | 10:32

Быйыл жыл башынан бери Өзбекстандан Кыргызстанга 2 млнго жакын турист келди. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика боюнча улуттук комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-июль айында өлкөгө 1 млн 918 миң 904 өзбекстандык турист келген. Бул Кыргызстан өзбек туристтери үчүн эң популярдуу багыт экенин көрсөтөт.
Жалпысынан Өзбекстандан чет өлкөгө туристтик максатта чыккандардын саны 4,3 миллиондон ашкан. Өзбекстандык туристтер ошондой эле Казакстанга (799 миң 429), Тажикстанга (754 миң 123) эс алууга барышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы