Эрдоган түрк мамлекеттеринин башчыларына Айтматовдун китебин белекке бердиСалык кызматкерлери курал алып жүрүшү мүмкүн — жаңы башкармалык түзүү сунушталдыЖапониялык ишкана Кыргызстандагы мектепте өзүнүн STEM долбоорун сынайтЧынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болдуДанияр Амангелдиев ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү менен сүйлөштүБалдарга арналган «Манас, Семетей, Сейтек» китеби жарык көрдү
U17: Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт
21.08.2024 | 15:26
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Кутман Калбаев 17 жашка чейинки (U17) спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кутман Калбаев 51 кг салмакта күч сынашууда. Ал 20-августта таймашка чыгып, катары менен армениялык, грузиялык жана ирандык балбанды жеңип, финалга өткөн.
Эми ал бүгүн, 21-августта алтын үчүн беттеш өткөрөт. Анын атаандашы азербайжандык Туран Дашдамиров болот.
Мелдеш Иорданиянын Амман шаарында өтүүдө.