Маданият министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдүКыргызстандын илим министри британ элчиси менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкууладыЖогорку Кеңештин комитети мамлекеттик гимндин жаңы варианттарын четке кактыТрамп Түштүк Кореядан келген товарларга импорттук тарифтерди 25%га чейин жогорулатты2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын товар жүгүртүүсү 10 млн долларга жеттиЕЭК ЕАЭБдин климаттык күн тартиби боюнча семинар өткөрдү
Үч-Коргон ГЭСинин реконструкциясы уланууда
20.08.2025 | 14:13

Энергетика министрлиги маалымдагандай, Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери күчөтүлгөн режимде жүрүүдө. Министрлик акыркы 4 жылда эскирген гидроагрегаттарды жаңылоого өзгөчө көңүл буруп, генерацияны көбөйтүү максатында иштерди активдештирди.
Учурдагы абал:
- «Электр станциялар» ААКнын Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын реконструкциясы жүрүүдө, зарыл жабдуулардын 94%ы жеткирилген;
- Жумушчу топ күз-кыш мезгилине карата агрегатты өз убагында ишке киргизүү үчүн иштерди жүргүзүүдө.
Аткарылып жаткан негизги иштер:
- №3 гидроагрегат: башкаруу шкафтарын жөнгө салуу, көзөмөл кабелдерин төшөө, жумушчу дөңгөлөктү чогултуу, жөнгө салуу системасынын түтүктөрүн монтаждоо, НА канаттарын орнотуу жана жабдууларды борборлоштуруу;
- Ротор ГГ-3: ротордун үстүнкү кысуучу планкасынын ширетүү иштери аяктады;
- Май чарба системасы: түтүктөрдү монтаждоо;
- Туруктуу көтөрүү механизми АРЗ ТВ: лебёдка механизминин пайдубалын орнотуу жана СУР ГА-3түн паздарын лазердик тазалоо (жогорку бьефте).
- Иштерди ноябрь айына бүтүрүү;
- Экинчи агрегат алмаштырылгандан кийин станциянын кубаттуулугу 9 МВтка жогорулайт.
Рубрики: Жаңылыктар