Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагери, запастагы полковник Куванчбек Касымов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы УКМКнын Баткен облусу боюнча ардагерлеринин төрагасы, запастагы полковник Касымов Куванчбек Кудайкулович 31-январда жол кырсыгында мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Полковник К.К.Касымов 1964-жылы 1-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айылында туулган. УКМКда кызматын 1994-жылдын январында баштап, оперативдүү кызматкерден тартып, УКМКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн жетекчилигине чейинки жолду басып өткөн. Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жүргөндө кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоодо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга зор салым кошкон.
2024-жылдын 23-декабрында президент аны Кыргызстан мамлекетине жана элине сиңирген зор эмгеги үчүн «Даңк» медалы менен сыйлаган. Ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн демилгеси жана кесипкөйлүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынын ар кандай мекемелик сыйлыктары жана мамлекет башчысынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
К.Касымовдун кесиптештери ал боорукер жана сезимтал адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгонун белгилешти. Ардагердин жаркын элеси аны менен бирге иштеген жана тааныгандардын эсинде түбөлүккө сакталып калат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз