ТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелетАдылбек Касымалиев Минскте Александр Лукашенко менен жолугуштуКыргызстан менен Италиянын соода палаталары кызматташуу боюнча меморандумга кол койду
Ошто “Хизбут-Тахрирдин” мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү жүргүзүлдү
01.02.2025 | 15:15
Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Тинтүү иштери атайын кызмат тарабынан Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик адабияттар жана буюмдар (88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 2 планшет, видеокассета жана банк картасы) табылган. Табылган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишинин катышуучуларына карата КР Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар