Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
УКМК: Байтик айыл өкмөтүнүн имаратынын 2-кабаты мамлекетке кайтарылды
24.09.2024 | 18:10
Чүйдүн Аламүдүн районунданы Байтик айыл өкмөтүнүн имаратынын жеке менчикке берилип кеткен экинчи кабаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, 2009-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүндөгү башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамды бузуу менен айыл өкмөттү аталган имараттын экинчи кабатына болгон менчик укугунан ажыратып, «Эн Эр Групп Дженерал Трейдинг Ко» компаниясынын наамына каттап, тиешелүү документтерди берген.
УКМК билдиргендей, учурда «Эн Эр групп Дженерал Трейдинг Ко» жана «Байтик-Ынтымагы» компаниялары экинчи кабатты жергиликтүү бийликке кайтарып берди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом