ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
Бишкектин бир бөлүгүндө 26-сентябрда суу өчүрүлөт
25.09.2024 | 09:27
Бишкектин бир бөлүгүндө 26-сентябрда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу Панфилов көчөсү – Манас проспектиси – Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы менен чектелген бөлүктө саат 09:00дон 21:00го чейин жок болот.
Таза суунун өчүрүлүшү «Тоголок Молдо» суу кампасында жана шаардагы куурларды оңдоо иштери менен байланыштуу.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана аталган райондун тургундарын таза сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом