УКМК: Баткенде 680 даана телефон жүктөп бараткан унаа кармалды

УКМК: Баткенде 680 даана телефон жүктөп бараткан унаа кармалды

Баткен облусунда мыйзамсыз ташып келинген жүк менен автоунаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-июнунда Баткен облусунун Лейлек районундагы “Кольцо” стационардык постунан жергиликтүү жашоочу Ш.К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы “Opel Zafira” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок, айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн чаралардан улам унаа Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Унааны кароо учурунда ичинен 680 даана уюлдук телефон салынган 10 коробка контрабандалык жүк табылган. Аныкталган телефондордун жалпы суммасы 900 миң сомду түздү. Учурда көрсөтүлгөн факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>