Айыл өкмөттүн жер боюнча адиси пара алып жатканда кармалды

Айыл өкмөттүн жер боюнча адиси пара алып жатканда кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси пара алып жаткан жеринен кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ыкчам маалымат боюнча айыл өкмөттүн жер боюнча адиси жер тилкеси үчүн бардык документтерди берүү үчүн жергиликтүү тургундан 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Мады айылынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси 1969-жылы туулган С.Р. өзүнүн иш бөлмөсүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен 28-июнь күнү кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, шектүү жабырлануучудан мурда 30 миң сом алган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кара-Суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>