УКМК байланыш операторлорун колдонуучулар тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирүүнү сунуштады

04.11.2025 | 16:46

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) байланыш операторлорду колдонуучулар тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирүүнү сунуштоодо. УКМК иштеп чыккан мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоордо интернет тармактарын пайдаланууга байланышкан ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдө байланыш операторлорун төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттендирүү каралган:

  • сервистерди пайдалануучулар тууралуу маалымат берүү;
  • атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо иш-чаралары боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү максатында өзүнүн телекоммуникациялык тарамдарында уюштуруу жана программдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо;
  • өзүнүн маалымат базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жетүүгө уруксат берүү;
  • башка көмөктөшүүнү көрсөтүү.

Ошондой эле документте маалыматтарды жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды борборлоштурулган эсепке алууну улуттук коопсуздук органдары жүргүзөрү айтылган.

Мындан тышкары мыйзам долбоордо “өзгөчө абал режимин киргизүү шартында же куралдуу чыр-чатак убагында Кыргызстандын улуттук коопсуздук органынын кагаз жүзүндөгү чечиминин негизинде белгилүү бир мобилдик түзүлмөгө карата телекоммуникациялык кызматты берүү убактылуу токтотулушу мүмкүн”. Кызматты кайрадан берүү соттун чечими же улуттук коопсуздук органынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөлөнгөн чечиминин негизинде уруксат берилет.

Scroll to Top