УКМК: Бишкекте 1 млрд сомдук жер мамлекетке кайтарылды

УКМК: Бишкекте 1 млрд сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Бишкектин Жал кичирайонундагы баасы 1 млрд сомдон ашкан 2,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган жер Бишкектин Тыналиев көчөсүндө жайгашкан. Ал мындан бир нече жыл мурда мектеп куруу үчүн убактылуу колдонууга берилген. Бирок мэриянын кызмат адамдары менен сүйлөшүп алган кишилер аны 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң долларга сатып алган. Ошол эле учурда анын баасы дээрлик 2 млн доллар болгон.

Кийин жер тилкесинин колдонуу багыты өзгөртүлүп, ал жакка мектептин ордуна соода борбору бар көп кабат үй салына турган болгон.

Тергөө амалдары учурунда жердин ээси аны мамлекетке өз ыктыяры менен кайтарып берген.

Бишкектеги 10 млн долларлык муниципалдык жерди жеке менчикке чыгарууга катышкан жаран кармалды

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>