Күн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды
УКМК блогерлер жана активисттер Ташиевдин атын жамынып иш кылып жатканын билдирди
17.07.2024 | 09:54
Кыргызстанда белгилүү блогерлер жана интернет активисттер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, акчалай сый акы үчүн жарандарга ар кандай маселелерин чечип берүүнү убадалаган учурлар болууда. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Атайын кызмат белгилегендей, Камчыбек Ташив жарандардын УКМКнын кабылдамасына же электрондук почтасына жөнөткөн арыз жана кайрылууларын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамга ылайык карайт. Абирийсиз адамдар тарабынан алдамчылык фактыларга жол бербөө үчүн жарандарды мыйзамда белгиленген тартипте УКМКга кайрылууга чакырат.
УКМКнын төрагасы менен тааныштыгы же башка карым-катнашы бар экенин айткан адамдарга алданып калгандар болсо, 0312 620 585 номерине кайрылса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом