УКМК “Чач” каймана атту уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады — видео

УКМК “Чач” каймана атту уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады — видео

“Чач” каймана атту уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) ишмердүүлүгүн аныктап, жоюу багытында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областында Чач каймана аты бар УКТ актвидүү мүчөсү Э.М. кармалган.

Такталган боюнча, Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларус өлкөсүнөн киши колдуу болуп өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Кармалган адам Кыргызстандын аймагында бир катар кылмыштарды кылган деп шектелип келүүдө, тактап айтканда Жалал-Абад облусундагы атышууларга жана башка резонанстуу криминалдык талашдардын фактыларына тиешеси бар.

Белгилей кетсек, криминалдык авторитет Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топ, “Кыргызнефтегаз” ААК мурунку жетекчиси Р.Бостонов тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине жана тургундарына күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келгендиги тууралуу жергиликтүү тургундардан өтө көп кайрылуулар келип түшкөн.

Бул фактылар боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>