УКМК чагымчыл билдирүү жазгандарды аныктоо аракети көрүлүүдө

УКМК чагымчыл билдирүү жазгандарды аныктоо аракети көрүлүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети социалдык тармактарда чагымчыл билдирүүлөрдү тараткандар жоопко тартыларын эскертти.

Учурда нааразылык акцияларына чыгууга элди үндөгөн билдирүүлөр тарап жатат. Буга байланыштуу чагымчыл маанидеги билдирүүлөрдү жазгандарды аныктоо аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрдү. Анда 48 адам ар кандай жаракат алды. Анын 38и ооруканаларга жаткырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>