Бишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси жөнөкөйлөштүБишкекте милиционерге кол салган адам кармалдыЖыл башынан бери ИДПнын көлөмү 1 трлн 427,3 млрд сомду түздүАюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады
УКМК чет элдик террористи кармады
01.04.2022 | 15:29
УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип келген 1965-жылы туулган М.М.Ф. чет мамлекеттердин биринин жараны аныкталып, кармалган. Ал Кыргызстанда террордук ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, М.М.Ф. Кыргызстандын аймагында жүргөндө эл аралык террористтик уюмдардын идеяларын жайылткан.
Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар