Чүйдүн Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген мейманкана комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2006-жылы бир жаран 10 сотых жерди мыйзамсыз менчиктештирип, ал жерге мейманкана курган. Эми аталган мейманкана мамлекетке кайтарылды.
Мейманканынын баасы 214 млн сомду түзөт. Жалпы аянты 21 миң 287 чарчы метрге жетет.