Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды
30.11.2021 | 09:31
Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды.

“Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан – Макаров пистолети, 4 даана бычак, 2 даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды”,- деп айтылат маалыматта.
Кармалган адам УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом