Эсептөө палатасынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-февралда Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактары боюнча аймактык бөлүмүнүн М.А.С. аттуу улук инспектору кармалган. Ал Ат-Башы районунун үч айыл аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдарынын биринин башчысынан 60 миң сом пара алган.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.