УКМК эттин баасын кымбаттаткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертти
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эттин баасын жасалма түрдө кымбаттаткан ишкерлерге кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер Бишкек шаардык мэриясы, Монополияга каршы кызмат жана укук коргоо органдары менен биргеликте эт саткан ири базарларды кыдырып, баага болгон мамлекеттик жөнгө салуунун аткарылышын текшеришти.
Эске салсак, 2025-жылдын 11-августунан тарта өкмөт эттин 1 килограммы 790 сомдон ашпоого тийиш деп бекиткен. Бул чара 31-декабрга чейин иштейт жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Рейддер учурунда ишкерлерге бекитилген баа чектерин так кармануу зарылдыгы түшүндүрүлдү. Мекеме эттин наркын жасалма көтөргөн учурлар аныкталса, алар катаал чаралар менен токтотуларын жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.
Ошондой эле УКМК баа саясатын атайылап бузуу кылмыш катары караларын билдирди.