УКМК «Хизб ут-Тахрирдин» 8 мүчөсүн кармады – видео

08.09.2022 | 13:00

«Фейсбукта» тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын тараткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Фейсбукта» тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталган.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.

Кечээ, 7-сентябрда “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун Ноокат районундагы 6 мүчөсүнүн, Кара-Суу районундагы 1 мүчөсүнүн жана Кызыл-Кыя шаарындагы  1 мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө флеш карталар, СD-дисктер, диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган.

[image_carousel source=”media: 153274,153273,153271,153272,153270,153269″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top