Депутат камактагы Жекшеналиев боюнча президентке кайрылды — видео

Депутат камактагы Жекшеналиев боюнча президентке кайрылды — видео

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев камакка алынган активист Ырыс Жекшеналиев боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, активисттин камалышы боюнча маселени президентке жеткирүүнү өтүндү.

«Президент бир ай мурда  фейсбукка билдирүү жасаган. Анда «бузукулар» Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратууда, милиция каякты карап жатат» деп жазган. Андан кийин милиция анализ жасабай туруп, 19 жаштагы баланы таап, күнөө коюп жатышат. Ал болгону видео менен бөлүшкөн», — деди ал.

Ал Жекшеналиевге тагылып жаткан айып туура эмес экенин айтып, мамлекет үчүн коркунуч жараткан адамдар террористтер, экстремисттер экенин белгиледи.

«19 жаштагы балдарды эмес, уюшкан кылмыштуу топ, экстремист, террористтерди көзөмөлгө алыш керек. Бул маселени президентке айтып, ал камактан чыгарылса. Ал өзү «кое бергиле, мен окуйм, тынч эле отурам» деп жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта 2 айга камакка алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>