УКМК: Издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

УКМК: Издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

УКМК мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча активдүү жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бир топ адамдар тарабынан киши өлтүрүү фактысы боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жакынкы Батыш өлкөлөрүнүн биринин Ш.К.  аттуу жаранын аныктады.

УКМКдан билдиришкендей, 2024-жылдын январында Ш.К.га РФнын Тергөө комитети тарабынан Федералдык (мамлекеттер аралык) издөө жарыяланган.

Чет элдик жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылбоо максатында КРнын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп, андан ары КРнын аймагында легалдаштыруунун жолун издеп жүргөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ш.К.  кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>