Кант шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалымат боюнча, аталган бала бакча 1,07 гектар жери менен 1998-жылы мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткен. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ал Канттын мэриясына кайтарылган.